Четверг, 25 апреля

Кадамжайда үйдөн 200 000 миң сомдук буюм уурдаган кылмышкер кармалды

0

Кадамжайда үйдөн 200 000 миң сомдук буюм уурдаган кылмышкер кармалды
Кадамжай районунун Орозбеков айылындагы 44 жаштагы тургундун үйүнө үй ээсинини жоктугунан пайдаланып, 2018-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын 3-январына чейинки аралыкта белгисиз атуулдар үйдөн үй- тиричилик каражаттарын уурдап, изин жашырып кеткен. Натыйжада жабырлануучу 200 000 сом өлчөмүндө зыянга учураган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул арыз Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кадамжай РИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен ошол эле айылдын тургуну, 28 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз