Четверг, 25 апреля

РОССИЯДА МИГРАНТТАРГА ТАЛАПТАР КҮЧӨДҮ!

0

РОССИЯДА МИГРАНТТАРГА ТАЛАПТАР КҮЧӨДҮ!

Иштөө үчүн уруксат төлөмү жогорулайт
Россия Федерациясында 2019-жылы эмгек мигранттары үчүн иштөө укугун берген аванстык төлөмдөр (патент) бардык аймактарда жогорулайт. Төлөмдү өз убагында жана толук түрдө төлөө өтө маанилүү. Анткени өз учурунда төлөбөгөндүк, бул толук сумманы төлөбөгөн сыктуу эле автоматтык түрдө төлөмдү жокко чыгарат. Ошондуктан дагы бир жолу көңүлүнүздөрдү 2019-жылдагы төлөмдөрдүн баасынын өзгөрүүсүнө бурабыз жана төлөмдү төлөөдө суммасын жакшылап карап коюуңузду сунуштайбыз.
Эмгек мигранттарынын саны азаят
РФнын Миграция мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, 2019-жылда эмгек визасына карата квоталардын саны кыскартылган. Бул чакыруу менен келген эмгек мигранттарынын санын азайтат. Ошондой эле курулушта чет элдиктердин иштөөсүнө да чектөө киргизилет. Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык курулушта эмгектенген мигранттардын саны, алар иштей турган аймактардагы жергиликтүү жумушчулардын жалпы санынын 80 пайызынан ашпоосу керек. Мындай чектөөлөр мурда болгон эмес. Бирок, бул чектөөлөр Москва, Хабаровск аймагына жана Амур областына тиешелүү эмес.
Такси кызматына чектөө киргизилет
Такси кызматын көрсөтүүнү жөнгө салган мыйзам долбоору өткөн жылдын декабрь айынын орто ченинде биринчи кароодон өттү. Жакынкы убакытта толукталып кабыл алынышы күтүүлүүдө. Мыйзам долбооруна киргизиле турган кошумчалар толугу менен кабыл алына турган болсо, жарандыгы жок, же таксист болууга уруксат берилбеген чет элдик жаранга такси кызматында иштөөгө тыюу салынат.
Мындан сырткары, таксисттин авто-унаасын пайдалануу үчүн да атайын уруксат кагазы талап кылынат. Мындай документ 5 жылдык мөөнөткө берилет. Чет элдик жаран уруксат кагазды жүргүнчү же полиция кызматкери талап кылган учурда көрсөтүшү зарыл. Бул уруксат кагазын алуу үчүн айдоочунун 5 жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйбасы болушу шарт.
Россияга визасыз кирген чет элдиктер дактилоскопиядан өтөт
Россия Федерециясына визасыз тартипте кирген бардык чет элдик жарандар дактиласкопиядан (бармак, алакан издери) өтөт жана сүрөткө тартылат. Бул маалымат бирдиктүү миграциялык базага киргизилет. Тактап айтканда РФга визасыз кирген чет элдик жарандар полицияга жашаган жери тууралуу билдирүү жасап, миграциялык каттоого турушу зарыл.
Жарандык алуунун тартиби өзгөрөт
“Жарандык жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 2019-жылдын июль айынан тарта күчүнө кирет. Буга ылайык жарандык алуу жеңилдетилген тартипте ишке ашат. Россия жарандыгын сурап кайрылгандар башка өлкөнүн жарандыгынан баш тартып, мурдагы паспортун тапшыргандыгы тууралуу тил кат жазып, документ толтурат.
Узак убакытка жашоо уруксаатынын шарты өзгөрөт
2002-жылга чейин Россияда узак убакытка жашоо уруксааты (Вид на жительство) чектелген эмес. Ал эми 2002-жылдан баштап 5 жылга гана уруксаат бериле баштаган. Жаңы мыйзам долбоору чет элдик жарандардын узак убакытка жашоо уруксаатына коюлган бул чектөөнү кайрадан алып салды. Бирок, чет элдик жарандардын кээ бир категорияларына мунун тиешеси жок. Мисалы, жогорку квалификациялуу адистер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн узак мөөнөткө жашоо уруксаты калтырылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз