Понедельник, 25 ноября

Жангарачева: Бүттү, Кыргызстанда эми тынч жашоо болбойт

0

Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинин «жылаңач» көргөзмө өткөргөнү үчүн кызматтан алынган директору Мира Жангарачева TV1.KG телеканалына ачуу арызданды:

«Жарака кетти бул өтө коркунучтуу. Мындан ары либералдуу саясат болбойт. Саясатчы катары айтып жатам, мурда мамкызматкер болчумун, ошого унчуга алган эмесмин. Азыр кызматтан кеттим, эми айтам. Биздин ыр түгөндү, тынч жашоо бүттү, эми өтө чоң маселе жаралат.

Дагы унчукпай отура берсек анда эртең 12-13 жаштагы кыздарыбызды ачык көйнөгү үчүн көчөдө сабашат, ачык буттары үчүн буттарына тебишет, атышат, зордукташат, жаш балдарды өлтүрүшөт, ага эч ким көңүл бурбайт.

Парламент такыр башка конвенцияны ратификациялап, өздөрү каалаган мыйзам менен жашайт», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз