Бул таймашты Түркия менен Кыргызстан футбол федерациясы биргеликте 2020-жылы боло турган Азия чемпионатына даярдык катары уюштурулган.
3-декабрдагы таймаш 5:3 эсебинде жыйынтыкталып, жеңиш кыргызстандык спортчулар тарабында болду.
Достук таймашын көрүүгө Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгис Камил Фырат да келди.
Эки өлкөнүн футзалчыларынын оюнун көрүүгө чогулган күйөрмандар “Кыргызстан-Түркия” жана “Бир тууган” деп кыйкырып колдоп жатышты.