Суббота, 23 ноября

Роза Отунбаева – “Кагылайын шаардыктарым, айылдыктарым, “какмар-шакмарларым”…

0

Бакыт Бакетаевдин Фейсбуктагы билдирүүсү:
“Саясат талдоочунун Роза Отунбаевага кеңеши:
«Айланайын кыргыз элим, кагылайын шаардыктарым, айылдыктарым, секетим меним “мырктарым”, “какмар –шакмарларым”, “итпай-чотпайларым”, мен тилден жаңылдым. Кечирим сурайм, терен ойлонбой сүйлөп силерди капа кылып алгандан бери жүрөгүм ооруп, көзүмдө жаш калбай кургады. Олүгүңдү көрөйүн батыштын демократиясынын шайтандары азгырды.

Кагылайын элим, меним рухумда сүттөй ак, суудай тунук элиме деген чоң сезимим бар. Секетиң кетейин, өпкө-боорумду чабайын элим, кечиргиле, кечиргиле мени», — деп эле Роза апичебиз карыялык каадасын кылып, калыстыгына кайта баштаса кыргыз эли айкөлго, боорукерго, кечирмек да аттиң ай!!!”

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз