Суббота, 23 ноября

Кой Таштагы окуяларда сыр барбы?

0

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу парламенттин укук, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетине 4-декабрда келип түшкөн. Комитеттин төрайымы Наталья Никитенконун айтымында корутунду комитеттеги депутаттарга таанышуу үчүн таратылды.

“Тармактык комитет бекиткенден кийин бул маселе күн тартибине коюлат. Комитет корутунду караган жыйынды ачык өткөрөт. Комиссиянын жыйынтыгы, чечими парламенттин пленардык жыйынында да ачык режимде каралат”, — деди Никитенко.

Эске салсак Атамбаевди кармоо операциясында жаралган жагдайды иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Анын курамына вице-прембер-министр, депутаттар, министрликтердин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген. Арасынан Клара Сооронкулова комиссиянын башка мүчөлөрүнүн корутундусуна макул болгон эмес, бирок жыйынтыгында корутундуга кол койгон. Ал баштапкы пикиринен кайтпаганын билдирген. Бул жагдай да парламентте каралат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз