Pantone институту 2020-жылдын түсүн тандады. Ал – “классикалык көк”.
Биз жашап жаткан доор ишеним менен өзүнө ишенүүчүлүктү талап кылат, а классикалык көк түс– туруктуулуктун жана ишенимдин символу, ага дайыма таянса болот деп эсептейт Pantone институту.
Өткөн жылы Pantone институтунун версиясы боюнча жылдын түсүнө “оптимизмге ички муктаждыкты” чагылдырган “тирүү коралл” айланган.
Pantone Color Institute — бул Pantone компаниясындагы түстөр жана алардын ар кайсы тармактарга (мода, полиграфия, интерьер дизайны, жарнама, кино ж.б.) тийгизген таасирин иликтөөчү борбор.
Pantone Color Institute жылдын түсүн 2000-жылдан бери аныктап келатат. Белгилей кетсек бул институт тренд түстөрүндөгү модага кийлигише албайт. Ал тенденцияны орнотпойт, а жөн гана жыл сайын маалыматтарды топтоп, аны өз отчетунда белгилейт. Бул алдыдагы 2020-жылда болуучу популярдуу жана маанилүү түстөр боюнча өзгөчөлөнгөн маалымат борбор. Ал өндүрүш-компанияларга жаңы коллекциядагы товарларга жана бренд логотиптерине кайсы түстү колдонуу боюнча кеңеш берет.