Философиялык ойлору менен өзгөчөлөнгөн жазмакер Олжобай Шакир бул жолу да “өзгөчөлөндү”. Ал Роза Отунбаеванын айткандарын колдоп Фейсбук тармагына өз пикирин калтырды.
Ал белгилегендей “дүйнө эчак жылаңачтанып алса да биз аны өөн көрүп” кабыл алгыбыз келбей жатат.
“Жылаңач дегендин өзү жакшы түшүнүк: жылаңач баатыр, жылаңач чындык. Кептин баары зымпыйып кымтылангандарда” – деген пост калтырды.
“Рухий жылаңачтыгыбызды, түркөйлүгүбүздү бир эле жылаңач сулуу көрсөтүп койду го чиркин. Вот искусство” – деп да жазды.
Андан ары журналист Канышай Мамыркулованын билдирүүсүнө комментарий калтырып жатып эмнеге Роза Отунбаеванын “айылдыктар, деңгээлиңерди өстүргүлө”, — дегенин туура кабыл алганын түшүндүрдү:
Адилеттик үчүн моюнга алалычы: дегеле кыргыз урпагын шаардык дегенге болобу? Фрунзе калаасы качан түптөлгөн? Бир кылымдын айланасында борборго чокмороктошуп, эми гана шаарлашып, отурукташып келаткан калк экенибиз жалганбы?Андыктан кыргыз урпагынын 100% жалаң айылдыктарбыз. Биз ошон үйүн айылдык ой дүрмөтүбүз менен ааламга болгон тар түшүнүгүбүздөн чыкпаган түркөй болуп атпайбызбы? Дүйнө таанымыбызды кеңейткибиз келбей атпайбы,..”