Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов дагы бир жолу “жылаңач” темага кайтып соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды:
“Америкага качканда биз менен балдарым жана 2 кичинекей неберем да кошо барышкан. Алар 2,5 жаштагы эгиз эркек балдар эле. Корообузда жашагандар үчүн эс алуу жайы, спортзал, барбекью жана бассейн бар эле. Каалаган жашоочулар ал жерди бекер пайдаланышчу. Кылаарга жумушубуз жок болгондуктан балдарыбызды ээрчитип алып бассейнге түшчүбүз. Балдарыбыз жылаңач эле өзүнчө салынган кичинекей бассейнде шалпылдатып ойноп жатышкан. Бир убакта комплексти караган аял келип: “Балдарды жылаңач түшүргөн болбойт, плавка кийгизгиле, Америкада эреже ушундай”, — деп англисче билген уулум аркылуу түшүндүрүп берди. Ошондо кийин аларга да атайын сууга түшкүндө кийген плавка алып бергенбиз.
А биздин «прозападныйбыз» деп мактанган НПОшниктер, Отунбаевалар музейде эл алдына жылаңач аялды алып чыкканын искусство деп, аны түшүнбөгөндөр мырктар деп оозубузду Ошту каратты”.