Жазуучу Чолпонбек Абыкеев соцтармактагы билдирүүсүндө коомчулуктун акыркы кезде төмөн деңгээлге түшө баштаганын белгиледи. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасына байланыштуу айтылып жаткан айың кептер тууралуу пикирин билдирди.
Ушакта айтылып жаткан аялдыр кош бойлуу экенин, эгер окуя болду делген күн дем алыш күн болбосо “ак жерден күйүп кетмектигин” айткан жазуучу бул “бирөөнүн жеке жашоосуна кол салуу” деп эсептейт.
“Коомдо акмакчылыктар ушунчалык көбөйдү. Айрым учурда эмне айтарыңды да билбей каласың. Бир кездерде ар кимдин жеке жашоосу ыйык эле. Ага эч ким батынып киришчү эмес. Бүгүн жеке жашооң түгүл төшөгүңдү оодарып, ажатканадан чыксаң артыңды таза аарчыдыңбы жыттап көрө башташты. Мынчалык ыплас төмөнкү денгээлге түшүүгө жол берилбеши керек эле. Балким ар бир адамдын жеке жашоосун ыйык сакталып ага эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок экенине кепилдик берген атайын мыйзам чыгарып кабыл алуу керектир.
Жакында Мамкаттоо кызматынын жетекчиси машина айдап баратып жанындагы отуруп бараткан аял кишинин төшүнө кол салып жибериптир деген ушак чыкты.
Биринчи; Бул сүрөт кандай негизде кайдан алынып чыкты? Ким чыгарды? Кандай акысы бар? «Коопсуз шаар» дегенибизге ар ким кирип каалаган сүрөтүн ала береби? Анда «Коопсуз шаар» болбой эле «Коркунучтуу шаарга» айланат го. Мындай жол менен кимдин болбосун машинасын тартып алып калганын монтаждап туруп шантащ кыла берсең болот го. Ким жооп берет? Жоопкер бирө барбы?
Чыгарып жаткандар конкреттүү аты жөндөрдү атап жатканда адам тагдырын, үй бүлө тагдырын ойлогон жокпу? Ар бир адамда чөйрө, карым катынаш, үй бүлө, тааныш деген бар. Маселен Туйбаева Айнура Абдыкалыковнаны тигил отурган аял экен деген маалымат тарады. А.Туйбаева кудай колдогон жан экен 7-8 айлык боюнда бар тура. Анан калса тигил сүрөт чыккан күн жекшемби дем алыш күн болуп үйүндө болуптур. Эгер А. Туйбаеванын боюнда жок болсо, тигил сүрөт чыккан күн иш күн болсо ак жеринен күйүп кетмекпи? Ушунчалып ыплас акмакчылыкка ким жооп берет? Боюнда бар аял ыйык болот. Ал мыны мына жарык дүйнөгө дагы бир адам баласын жаратканы турат. Бүгүн ал Жараткан Кудайдын алаканында отурат. Каргышына калбагыла оңбой каласыңар.
Коомдо адам аброюн каалагандай тебелеп тепсеп келекелөө боюнча ушунчалык төмөнкү денгээлге түшүп кеттик оозго эмне келсе оттой бермей адатка айланып баратат. Ошол эле учурда андай ыпластыкка барган адам өзү деле эртең андан жаман абалга учурап калышы мүмкүн экенин ойлогон жок. Бирөгө жаман сөз айтып жаман иш жасардан мурда өзүңдү анын ордуна коюп кара. Андан кийин анан ошондой кадамга бар”, — деп жазды Абыкеев.
Эске салсак “Коопсуз шаар” долбоорунан тартылып алынган сүрөт интернетке жарыяланган. Анда айдоочу жанындагы айымдын төшүн кармап баратканы чагылдырылган. Сүрөттөгү киши Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов, ал эми жанындагы айым орун басары Айнура Туйбаева экени да айтылган.
Айнура Туйбаева кечээ журналисттер менен жолугуп сүрөттөгү ал эместигин билдирген. Мамбетов да машинага ага таандык эместигин, бул көралбастардын чыгарган жөө жомогу экенин белгилеген.