Вторник, 21 мая

Кыздарды феминизмге, балдарды сатанизмге үндөгөн НПОлор…

0

Кымбаттуу ага — ини, эже — карындашым силерди жакшы көрөм, сыйлайм.
Бирок чындыкты сүйөм!

Андыктан бул сөздөрүмдү жактырсаңар, жактырбасаңар да айтып коюуну өзүмө милдет деп билемин.

Аялдардын укугу коомдо эң жогору болуусу керек деген тараптамын. Бирок булл аялдар физиологиялық жана психологиялық жактан жылаңачтанып алса болот дегендик эмес. Экөөн аралаштырбоо керек.

Искусствону адам баласы өз жан дүйнөсү менен баарлашып, жөндөмдүүлүктөрүн ортого коюп, чөйрөгө калем же кыймыл аракет менен чагылдырып берүүсү катары көрөмүн.

Маданият — биздин түшүнүгүбүзгө калыптанып калгандай бир гана концерт менен театр эмес!
Чөйрө менен таттуу мамиледе болуу — бир маданият.
Улууга урмат, кичүүгө сый да — бир маданият.

Күн сайын адам болуп жашоо — бир маданият. Адеп — ахлактык нраваларды өзүндө калыптандыруу — бир маданият.

Өз элине, өз тилине, өз динине ээ чыгуу — бир маданият.
Илим — билимге болгон талап жана сый — бир маданият.

Мал — мүлктөн, бак — дөөлөттөн ар — намысты бийик көрүү — бир маданият!
Жакшылыктарга себеп болуу — бир маданият.

Адам баласынын күнүмдүк жашоо — тиричилик шартын жеңилдетүүчү каражаттарды ойлоп табуу — бир маданият.

Адамдык сапаттарды, ар — намысты, уят — сыйды четке какпаган абалда искусство менен жуурулушуп жашоо — бир маданият.

Пайгамбарыбыз доорундагы «Мадина» коомундай бактылуу, ар тараптуу өнүккөн коомду куруу — бир маданият! (Маданият сөзүнүн түпкүрү да ушул Мадина шаарына таянат.)

Ошондуктан биз алгач маданият жана искусствонун эмне экенин жана эмне эмес экенин ажыратып билип алуубуз керек. Болбосо кээ бирөөлөргө окшоп дөөдүрөп «Биз айылдыктарга окшоп кийимчен жүрө албайбыз», — дегендей логикасыз жыйынтыкка барып калабыз.

Эми эң негизги маселеге кайрылалы!

Сионизм менен Капитализм сыяктуу дүйнөдөгү терс күчтөр, Израиль, Америка, Англия, Франция, Италия сыяктуу дүйнөнүн нугун ар тарапка буруп ойногон мамлекеттер… Кыргыз өлкөбүздүн, биз менен бирге бир топ өнүгүп келе жаткан мусулман өлкөлөрдүн өнүгүүсүн каалайт деп ойлойсузбу?

Бул өлкөлөрдөгү аялдардын эркиндикте жашоосуна, жогорку укук менен бактылуу үй — бүлө күтүүсүнө аябай эле кызыкдар деп ойлойсузбу?!

Булардын өз мамлекеттеринде аялдар аябай эле бактылуу, ошондуктан Кыргызстандагы аялдарга да бактылуулук формуласын сунуп жатат деп ойлойсузбу?

Анда сизге дагы бир суроо, батышта үй — бүлөлүк жашоо аябай эле сонун болгону үчүн, ит ж.б. жаныбарлар менен турмуш куруп жатышабы?!

Бизге аял укугунан сөз кылып, акыл үйрөткөн батыш, XlX кылымдын жарымына чейин аялдарды адам деп эсептейбизби же жокпу деп тартышууларын улантканын билет белеңиз?!

Буларды эмне үчүн айтып жатасың деп айтууңуз мүмкүн.

Муну айтуумдун себеби: тилекке каршы учурда мекенибизде, жаштарыбызды туңгуюкка жетелеген, кыздарыбызды феминизмге, уулдарыбызды сатанизмге үндөгөн, батыштан каржыланган НПОлор байырлап алышты.

А буларга үндөп жаткандар гей параддарды, феминисттердин нааразычылык акцияларын, жылаңач маданияттуулар долбоорлорун уюштургандар, колдогондор өзүбүздүн эле кыргыз жарандары го? — деп айтууңуз мүмкүн..

Ооба тилекке каршы өзүбүздүкүлөр!

Бекеринен айтпаган экен да ата — бабам: «Өзөндөн чыккан өрт жаман. Өзүңдөн чыккан жат жаман» деп.
Бул жоруктары көр турмуштун айынанбы, аргасыздыктанбы же батышка жагалдануубу, же болбосо тайкы маданият түшүнүгүнөнбү, сабатсыздыктанбы?! Айтор бизди, келечегибизди, мээрим жыттанган энелерибизди, бактылуулуктан күлгөн ымыркайларыбызды, кычыраган улан — кыздарыбыздын келечегин, өздүгүн, тилин, динин, мээсин дегеле бары- жогун биздин өзүбүздүкүлөр, биз ишенген кыргыз агалар, кыргыз эжелер сатып жатышат! Ооба ката окубадыңыз бизди бүтүндөй сатып жатышат!!!
Көзүбүздү чоң ачалы! Мамлекетибиздеги “ …изм” аты менен иш алып барып жаткан феминизм, сатанизм, атеизм, агностицизм, терроризм ж.б. баары Сионизмдин кызматчы аскерлери. Сионизмдин максаты, аялдардын укугун коргоп, бактылуу үй — бүлөлөрдү куруу эмес. Еврейлердин ишениминдеги Promise land дүйнөдөгү убада кылынган жерлерди алуу жана сионисттерден башка адамдарды өздөрүнө кул кылуу болуп эсептелет.

Ар бир мамлекетте ар түрдүү тактикада иш алып барышууда. Учурда бизде үй — бүлөлөрдү ыдыратуу үчүн аялдарды, мамлекетти бөлүп жаруу үчүн, акчаны сүйгөн аткаминерлерди жана бар үмүтүбүз болгон жаштарыбызды НПОлор аркылуу башкарып жатышат.

Кыскасы Сионизм менен Капитализм биздин жашообузда төмөнкү тамсилдеги түлкүнүн ролун ойноодо. Биз болсо дагы эле түлкүгө ишенген тооктордойбуз.
Түлкүгө ураан чакыр деп айтышыптыр. Түлкү болсо:
— Тоокканаларга наалат болсун. Жашасын тооктордун эркиндиги, — дептир!

Бакыбаев Абдимажит

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз