Уккандын жүрөк үшүн алган окуя Россиянын Можге шаарында болгон. ДЦПнын оор түрү менен ооруган 13 жаштагы бала каза тапкан энесинин жанында убак убакыт кыйналып жатып жан берген.
Бул үй-бүлөнү жакшы тааныган адамдын россиялык басылмаларга айтканына карагнда, баланын энеси жалгыз бой аял болчу жана бир үйдө майып баласы экөө гана жашашчу.
Каргашалуу ошол күнү эне өнөкөт оорусунан мүрт кеткен. Бала көп убакыт бою энесинин сөөгү менен жалгыз калган. Ал ачкалыктан башкаларды жардамга чакырууга аракет кылып ар кайсы нерсени калдыраткан анткени эпилепсия менен да жабыркагандыктан сүйлөй алчу эмес. Бирок үйдөн чыгып жаткан ызы-чууга кошуналар көңүл бурушпаган, буга чейин да майып бала ызы-чуу салгандыктан адамдар ошондой көрүнүштүн бири катары гана кабылдашкан. Андан соң бала майыптардын арабасы менен ашканага барып суу ичкени кранды ачкан. Бирок сууга эңкейген учурда арабадан кулаган. Суу раковинадан ашып бөлмөнү суу каптаган. Анткен менен алардын батири биринчи кабатта жайгашкандыктан жертөлө сууга толгонун башкалар байкабаган. Ошону менен бала сууда жатып калгандан каза тапкан.
Эне менен баланын сөөгү 6-декабрда кечинде гана табылган. Трагедиянын жагдайын тергөөчүлөр иликтөөдө.