Суббота, 23 ноября

“Аалам сулуусу 2019”. Кара терилүү кыз 89 кызды артка калтырды

0

“Аалам сулуусу 2019” наамын Түштүк-Африка Республикасынан келген 26 жаштагы Зозибини Тунци жеңип алды. Бул тууралуу сынактын расмий сайты жарыялады.

Андагы маалыматка караганда Тунциге чейин бул наамды аталган өлкөнүн эки кызы алган.

Зозибини Тунци өз өлкөсүндө гендердик айырмачылык жана стереотип негизинде зомбулукка каршы активдүү күрөш жүргүзүп келет.

Сынактын жыйынтыгы 8-декабрда чыгып, жеңүүчүлөр Американын Атланта шаарында сыйланышты. Дүйнөнүн сулуусу болуш үчүн ар кайсы мамлекеттерден келген 90 кыз ат салышкан. Алардын арасынан экинчи орун пуэрто-риколук Мэдисон Андерсондун, а үчүнчү орун мексикалык София Арагондун энчисине тийди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз