Бишкектеги үйлөрдүн дубалдарында граффити- сүрөттөр пайда болду. Бул “Феминнале” көргөзмөсүн колдоо максатында орнотулган.
Фейсбуктагы Joshik Murzakhmetoff аттуу колдонуучу жарыялаган сүрөттү автор фашизмге каршы деп атаган жана алдына мындай билдирүү калтырган:
“40 жүз болсо да фашизмдин өңү бир! “40 чоро” (Бишкектеги улуттук, сексисттик, гомофобдук, экстремисттик топ). Кыргызстан, Бишкектеги антифашисттик граффити”.
Эске салсак Бишкектеги музейде өткөрүлгөн “Феминнале” көргөзмөсүнө “Кырк чоро” кыймылынын активисттери нааразычылык билдирип, жылаңач аялды эл алдына алып чыгуу кыргыз салтына каршы келээрин билдиришкен.