Воскресенье, 24 ноября

Кара-Суудагы миң эшек эмнеге багылып жатат?

0

Кара-Суу районунун Мады айылындагы сарайда миң чакты эшек багылып жатканы тууралуу соцтармактарда жакында видео жарыяланган. Андагы маалыматтарга таянсак эшектер этке төгүүгө даярдалууда.

Ош ОИИБинин маалыматына караганда эшектерди багуу фактысы жоруктардын жана кылмыштардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынган жана атайын комиссиянын текшерүүсүнөн өткөн. Комиссиянын курамына Кара-Суу райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү, Катта-Талдык айыл аймагынын башчысы, Санэпид көзөмөл борборунун жетекчилиги, Мады айыл амагынын өкүлү жана ошол жерди күзөткөн «Гром» жеке кайтаруу мекмесинин өкүлдөрү жана укук коргоо кызматкерлери кирген.

Комиссиянын текшерүүсү Мады айылындагы сарайда миң эшек багылып жатканын тастыктаган. Ал “Береке Мойнинг” аталыштагы ЖЧК ишканасына таандык болуп чыккан. Ээси — Бишкек шаарынын Сапаралиев Медет аттуу жашоочусу. Сарай “Гром” жеке кайтаруучу агенттигинин кайтаруучунда болгон. Ал эми сарай жана жерди Кожомкулов Рамазан аттуу жаран ижарага берген. Бирок эшектерди союп этке тараткан факты болгон эмес.

Ош ОИИБи соцтармактардагы эшекти сойгон учур, ичеги-карынын чагылдырган видео 2015-жылы тартылган деп эсептейт. Ошондуктан Мадыдагы сарайга байланыштуу соцтармактагы маалымат чындыкка дал келбейт жана бул видеону тараткан жаран изделүүдө дейт ОИИБ.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз