Ирина Карамушкина соттук-психиатриялык экспертизадан өтүшү керектигин адвокатынан бүгүн уккан. Эл өкүлү мындан баш тартпайт, кызыкчылык үчүн болсо да өтүп коюуга даяр.
“Адвокат бул өзгөчө оор жана оор кылмыш жасагандарга колдонулуучу милдеттүү процедура экенин айтты. Ал эми “Барымтага алуу” беренеси оор категорияга кирет экен. Экспертизадан өтүүдөн баш тартпайм, кызыкчылык үчүн болсо да өтөм, ал кандай өткөрүлөөрүн көрөйүн”, — деди Карамушкина.
Эске салсак Кой-Таш айылында 7-8-августта болгон окуя боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМ 16 айыпталуучуга соттук-психиатриялык экспертиза дайындаган. Алардын арасында мурдагы президент Атамбаев жана депутаттар Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкина бар.