Понедельник, 25 ноября

Президентке импичмент жакын калды

0

Америкалык конгрессмен-демократтардын тобу 10-декабрда АКШнын президенти Дональд Трампка карата айыптоону жарыялашат. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарга караганда АКШ Конгрессининин өкүлдөр Палатасынын башчысы билдирүү жасайт. Импичменттин укуктук аргументтери комитеттердин корутундусунун негизинде жарыяланат.

Америкалык ММКлар АКШ өкүлдөр Палатасынын демократтары “бийликти кыянаттык менен пайдалануу” жана “Конгресстин ишине тоскоолдук жаратуу” сыяктуу айыптоолорду айтышы мүмкүн деп жазышкан.

Комитетти добуш берүүдөн кийин импичмент маселеси өкүлдөр Палатасынын пленардык жыйынына чыгарылат. Жакындап калган Рождество майрамдарына байланыштуу демократтар бул маселеге жыл аягына чейин добуш беришээрин билдиришкен.

Импичмент маселеси кокус колдоого алынса Сенаттын талкуусуна чыгарылат, ал жерде көпчүлүгү Трамптын тарапташтары.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз