Ноокат районунун Кашкалдак айылында төрт балалуу жалгыз бой энеге үй курулду. Үйдүн курулушунун толук чыгымын ушул айылдын Россияда иштеп жүргөн тургундары көтөргөн.
Соцтармактарда жарыяланган маалыматтарга караганда аял күйөөсү менен ажырашып кеткенден кийин төрт баласын ээрчитип ата-энесинин үйүнө кайткан. Бул убакта ата-энеси көз жумуп, а эжелери өз турмушу менен алек болгон кез болчу. Ата-энесинен калган үйдү байырлаган менен турак-жай авариялык акыбалга туш болуп, ар кайсы жери урай баштаган. Бир тарабындагы дубал урап калгандыктан ал жерде кездеме менен тосуп тиричилик өткөрүп келишкен.
Эненин мындай жагдайына кайдыгер боло албаган ошол айылдын Мырза Досматов аттуу жашоочусу май айында демилге көтөрүп, Россиядагы айылдаш мигранттардын башын бириктирип демөөрчүлүккө чакырган. Ошону менен үй курулушу башталып, мындан эки күн мурда, 8-декабрда төрт балалуу аялга жаңы үй эшигин ачты.
Демилгечинин айтымында үй курулушуна 600 миң сом кеткен. Анын 450 миңин Россиядан которушкан, ал эми калган каражатты айылдагы айылдаштар көтөрүп беришкен. Айтымында бул үйдү бүткөрүүгө четте эч ким калбаган, айылдын тургундары колдонунун келишинче салым кошуп, 100 сомдон 100 миң сомго чейин бергендер болгон.