Понедельник, 25 ноября

Арак ичкендерден аеосуз акча алыш керек

0

Алкоголдук ичимдик ичип алып рулга отургандарга аеосуз айыппул салууну депутат Азамат Арапбаев сунуштады. Учурда парламент кылмыштардын жана жоруктардын Кодексин өзгөртүүнү талкуулап жатат.

Депутат Кожобек Рыспаев болсо өлкөнүн жолдорунун айрым тилкелеринде ылдамдыкты саатына 110 км.га көтөрүү керек дейт.

“Ылдамдык режимин жогорулатуу керек. Бизде эбак эле эч ким “Жигули” айдабай калган”, — деди депутат.

Белгилей кетсек Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызмат жасалма номерлерди пайдаланууга салынчу айыппулдун көлөмүн көбөйтүүнү сунуштаган. Учурда жасалма номерге 10 миң сом айып салышат, аны 20 миңден 30 миңге чейин көбөйтүү айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз