Бүгүн, 11-декабрда орус ырчысы Алена Высотская Бишкекте концерт коет. Продюсер Ассоль Молдокматованын айтымында ал жөнөкөй концерт эмес, кайрымдуулук акциясы десе да болчудай, анткени билеттердин 40 пайызы эркин сатылган, ал эми 60 пайызын ишкерлер, өндүрүшчүлөр, белгилүү инсандар майып балдардын ата-энелерине сатып беришкен.
Молдокматова ушундай концерт өткөрүү идеясы эки ай мурда жаралганын айтат. Анын негизинде Кыргызстан боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан 500гө жакын ата-эне чогултулган.
“Долбоорду таанышым Афина Увайдаева экөөбүз ишке ашырдык. Акцияны көп адамдар колдошту. Высотская да Бишкекке келип ырдап берүүгө гонорарын азайтты. Андан тышкары концертке Эркин Турдубаев менен Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Алмаз Истамбаев катышат”, — дейт Ассоль Молдокматова.
Ал белгилегендей концертте көрүүчүлөр арасында Парижге жолдомо ойнотулат.