Понедельник, 25 ноября

Ат жана авто – Канат Исаевдин байлыгы

0

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев декларациясында карманган байлыгы катары автоунаа менен жылкыларын көрсөткөн. Андан башка эл өкүлүнүн мактанаарлык мүлкү жок.
Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2018-жылдагы кирешесин тизмелеген декларациялык кампаниясын жыйынтыктап, жарыялады.

Депутаттын декларациясындагы маалыматтарга таянсак анын турак-жайы жок, 17 миллион сомдук жылкылары бар. Автоунаасы да өзүнө катталган. 2018-жылы 7 миллион 219 миң сом иштеп тапкан.

Ал эми анын жакындары Исаевдин гана колун карагандар – үйлөрү да, иштеген иши да жок, ага ылайык албетте киреши да жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз