Понедельник, 25 ноября

Депутаттык комиссиядан майнап чыгабы?

0

“Кумтөр” кенинде эки жумушчунун табылбай жатышы депутаттарды ойго салды. Бир нече эл өкүлү бүгүн пленардык жыйында бул жагдай боюнча комиссия түзүүнү сунушташты. Спикер мындай сунушту колдоого алып комиссия түзүү боюнча демилгени тармактык комитеттин кароосуна жиберди.

Эске салсак “Кумтөрдө” 1-декабрда өзгөчө абал жаралып, Лысый мөңгүсү көчө баштаган. Ошол аймакта иштеп жаткан жумушчулар тез арада эвакуацияланган. Бирок арасынан бульдозердун айдоочусу менен мастер коопсуз аймакка кайтпай калышкан. Аларды издөө иштери 11 күндөн бери жүргүзүлүп, бирок натыйжа бербей келатат. ӨКМ издөө иштерине 94 куткаруучу жана 38 техника тартылганын кабарлаган.

Дастан Жумабеков келерки жумада өкмөт “Кумтөр” боюнча отчет берээрин ошондо эл өкүлдөрү дайынсыз болуп жаткандар кантип изделип жатканын сурай турганын айтты.

Буга дейре өлкөдөгү чуулгандуу иштер боюнча жетиштүү санда депутаттык комиссиялар түзүлүп келген. Бирок анын бирөөсү да ал окуяларга кандайдыр бир жаңычылдык же тактык жарата алган эмес. А бул сапар депутаттык комиссия балким дайынсыз болуп жаткан жумушчулардын коопсуздугун сактабаган компаниянын ишмердүүлүгүнүн анык жүзүн ачууга кудурети жетээр?

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз