Тунистин президенти Кайс Саид Ливиянын улуттук келишим Өкмөтүнүн алдындагы Президенттик кеңештин башчысы Фаиз Саррадж менен экономикалык, саясий жана гуманитардык маселелерди талкуулады.
Жолугушуу Тунистеги “Картаджа” сарайында болду. Тараптар автоунаа жана деңиз транспорттору аркылуу жүк ташуу жана “Рас Жедир” көзөмөл өткөрүү пунктунун маселесин сүйлөшүштү.
Тунистин президенти Ливиядагы кризисте саясий чечимдүү издөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Айтымында Тунис Ливияны демократия жолунда колдойт.
Тунис менен Ливиянын ортосундагы “Рас Жедир” көзөмөл өткөрүү пункту 2016-жылы ДЕАШтын террористтик чабуулунан улам жабылган болчу, быйыл 2-октябрда кайра ачылды.
2011-жылдын 17-февралындагы революциядан кийин Ливия саясий туруксуздуктун чийинине түшкөн. Өлкөдө бир убакта эки өкмөт – Тобрук шаарындагы өкүлдөр Палатасы жана Триполидеги Жалпы улуттук конгресс түзүлгөн.