АКШнын Нью-Жерси штатындагы Жерси-Сити шаарында ок атышуу болуп, алты адам каза тапты жана үч полиция кызматкери жарадар болду. Бул тууралуу аталган шаардын мэри Стивен Фулоп Twitterге жазды.
Маалыматтарга караганда баңгизат сатуучуларды кармоо боюнча операция маалында ок атышуу орун алган. Полиция изине түшкөн кылмышкерлер дүкөнгө жашынууга аракеттенишкен.
Каза тапкандардын бири полиция кызматкери, экөө кылмышкерлер. Ошондой эле үч жай тургун да мерт болгон.
Коопсуздукту камсыздоо максатында полиция окуя болгон жерге жакын жайгашкан 12 мектептин аймагына чыгуучу жолду жапкан. Андан сырткары ал райондогу офистик имараттар жана турак-жайлар да курчоого алынган.