Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бүгүн, 12-декабрь туулган күнү. Парламенттин жыйынында жазуучунун музейи тууралуу кеп болду. Депутат Дастан Бекешев музей каралбай калганын белгилеп, анын акыбалын оңдоого чара көрүлбөсө чет өлкөлүк туристтердин алдында ыңгайсыздык жаралаарын да айтты.
«Чыңгыз Айтматовдун музейине көптөгөн чет өлкөлүк меймандар, белгилүү адамдар келет. Жакында эле Путин менен Токаев келип кетти. Ошондуктан музейди оңдоп-түзөп, экспонаттарын толуктоо зарыл. Бул багытта бюджеттен каражат бөлүнсө жакшы болмок. Өкмөт муну эске алышы керек», — деди депутат.
Буга дейре Бакыт Төрөбаев да Айтматовдун музейинин абалы “мышык ыйлаарлык” экенин жарыялаган.
Чыңгыз Айтматовдун артында төрт баласы калган. Айдар Айтматов жана Санжар Айтматов көрүнүктүү кызматтарды ээлеп келишсе, кызы Ширин Айматова мурдагы депутат, учурда “Үмүт-2020” кыймылын түптөп, бир катар коррупциялык схемаларды ачыкка чыгаруу аракети менен жүрөт. Аталган кыймыл аркылуу ун бизнеси менен алектенген депутаттардын көмүскө кызыкчылыгын ачыкка чыгарганда алар жооп катары атасынын кароосуз калган музейин карап алуусун эскертишкен. Анда Ширин Айматова музей эң сонун акыбалда экенин, атасы байлыкка жутунбаган адам болгондуктан музей да так ошондой жупуну бойдон турганын айткан.
Ушуну менен жазуучунун музейинин кароосуз калганы тууралуу тема бир нече жолу көтөрүлдү. Жазуучунун артында калган уул-кыздарынын бюджеттин көзүн карабай оңдоп коюуга дарамети жетпейби деген суроо коомчулукта жаралууда.