Понедельник, 25 ноября

Экологиялык каатчылык газ менен чечилеби?

0

Бишкек шаарында автотранспорт каражаттарынын көптүгү абаны булганышына алып келүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда 2018-жылы республика боюнча 1 миллион 211 миң автоунаа катталган, анын 426 миң 241и Бишкек шаарында. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Белгилей кетсек бүгүн өкмөт Бишкектин экологиялык абалын талкуулаган жыйын өткөрдү.
Бороновдун айтымында транспорттордун көптүгүнө кошул-ташыл калктуу конуштар кышында көмүр колдонгону дагы абанын булганышына алып келүүдө. Ошондуктан биринчи вице-премьер-министр бардык конуштарды толугу менен газдаштыруу керек дейт.

Ал белгилегендей жалпысынан 47 конушка газ жеткирилиши керек. Бул абанын булганышын алдын алуунун бирден бир чарасы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз