Понедельник, 25 ноября

Терең дем алгыла: Бишкектин абасы коркунучтуу эмес!

0

Бишкекте экологиялык каатчылык жок. Мындай пикирин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин директору Мирслав Аманкулов өкмөт жыйынында билдирди.

Айтымында Бишкек шаарында абадагы зыяндуу заттар атайын орнотулган байкоочу жабдыктар аркылуу аныкталып турат. Андагы көрсөткүчтөргө караганда Бишкектин абасы коркунучтуу абалга жеткен жок. Ал чөйрөнү зыяндуу заттардан сактоого комплекстүү иш чаралар жасалып жатканын билдирди.

“Зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышын алдын алууда электромобилдерди жана гибриддик автоунааларды сатып алуу үчүн жарандарга стимул берүү боюнча иштер жүрүүдө. Азыр мындай автотранспорт каражаттарын массалык түрдө сатып алынбаса дагы, калк кызыга баштады. Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга электромобилдер үчүн инфраструктуралык шарттарды түзүү, башкача айтканда, аларды кубаттай турган жайлар боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасын берген. Бул багытта мамлекеттик тармактык органдар иш алып барууда», — деди Мирслав Аманкулов.

Ал эми мэр Азиз Суракматовдун айтымында 2019-жылы абанын булганышын алдын алуу максатында бак-дарактын 9 миң көчөтү отургузулган. 2020-жылы анын санын 20 миңге жеткирүү пландалды. Ошондой эле 200 даана электробус алуу боюнча меморандумга кол коюлду.

“Мэриянын тийиштүү кызматтары мончолорду байма-бай текшерүүдө. Анткени мончо ээлеринин арасында унаалардын жарабай калган дөңгөлөктөрүн жаккандары дагы жок эмес», — деди мэр.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз