Ош базарында бүгүн болгон митингде жаран өзүнө бензин куйуп жиберип, ширеңке чагууга камынганы видеого тартылып интернетке жарыяланды. Ал киши “баарынан чарчаганын” айтып мэрдин келишин талап кылган.
Күбөлөрдүн айтымына караганда өзүн өрттөйм деген жаран “Берекет” базарында сатуучу болуп иштейт.
Эске салсак “Берекет” базарын башка орунга которуу айтылган. Бирок сатуучулар буга каршы. Базардын администрациясы базар жабылаарын сатуучуларга алдын ала эскертишкенин белгиледи, бирок сатуучулар башка жакка көчүүгө, базардын жабылышына макул болушпаган.