«Манас» кинотеатрында IX эл аралык КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн «Кыргызстан – кыска метраждуу кинолордун өлкөсү» кинофестивалы бүгүн, 12-декабрда башталды.
Киноматографияны өнүктүрүү фонду тараткан маалыматка караганда кинофестиваль Кыргыз Республикасынын эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган жана эки сынактык программаны камтыйт. Даректүү, анимациялык жана эксперементалдык жанрларды камтыган эл аралык жана улуттук кинолор катышат.
Эл аралык программада бул жылы 14 кино, ал эми улуттук программада ата мекендик 18 кино бар.
Кинолорду КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн белгилүү кинематографистеринин курамынан турган калыстар тобу баалайт.
Иш чара КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана “Айтыш” коомдук фондусунун колдоосу менен өткөрүлүп жатат жана 15-декабрга чейин уланат.