Понедельник, 25 ноября

Коопсуз фейерверкти кантип тандоо керек?

0

Россиядагы “Россия сапат системасы” (Роскачество) уюму Жаңы жыл алдында фейерверктерди кантип туура тандоо керектигин жарыялады. Мекеме жыл тогошкон күнү асманга жаркырактарды учургусу келген адамдарды фейерверкти бир гана атайын сатуу жайларынан, продукциянын сапаттуу экенин тастыктаган документ көрсөтө алган жерден сатып алууга чакырды.

Сатып алуучу товардын сертификатын талап кылууга укуктуу.

Ошондой эле мекеме белгилегендей биринчи кезекте товардын коробкасын кароо керек, анда эч кандай бырыш же айрык болбосун. Коробканын бүтүндүгүнөн салюттун канчалык деңгээлде туура сакталгандыгы жана жеткирилгендиги көз каранды болот.

Андан сырткары сатып алаардан мурда колду алдыга сунуп коробканы азыраак силкилдетип көрүш керек. Эгер андан пиротехникалык курам чубурса анда товар жабыркаган.

Кыргызстанда акыркы эки жылдан бери Жаңы жылды фейерверк, салютсуз тосуу чакырыктары пайда болгон. Бишкектин абасынын кыш мезгилинде булганууга көп дуушар болушу тургундарды ушундай кадамга барууга аргасыз кылууда. Соцтармактарда ансыз да булганган абаны булгабай, майрамды жаркыраксыз өткөрүү демилгеси күч. Мындай чакырыктар максатына кайсы бир деңгээлде жетип, өткөн жылы 2017-жылдагыга салыштырмалуу асманга атылган фейерверктер азыраак колдонулганы байкалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз