Кечээ түнү саясатчы Равшан Жээнбековдун камакка алынганы белгилүү болду. Бул маалыматты ИИМ тастыктап, учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.
Саясатчы кайсы иштин негизинде камакка алынганы азырынча расмий жарыялана элек.
Равшан Жээнбеков Атамбаевдин бийлигинин учурунда анын саясатына каршылык билдирген оппозиционер катары таанымал болчу. Кийинчерээк мурдагы жана учурдагы президенттин каршылашуусунда Атамбаевдин таламын талашкан. Мындай кадамын коомчулук туруксуздук катары кабыл алган.
Быйыл Бишкекте болгон ЛГТБны колдоо акциясын уюштуруучулардын катарында Жээнбековдун да аты аталып, НПО өкүлү катары тааныткан.
Кызыгы саясатчынын камакка алынышы соцтармактарда нааразычылык жараткан жок. Басымдуу колдонуучулар анын камалганын туура көргөндөй билдирүүлөрдү калтырып жатышат.