Воскресенье, 24 ноября

Бир тууган Матраимовдордун арызын ким кандай кабыл алды?

0

Бир тууган Матраимовдор Кыргызстандан 700 миллион доллардын чыгарылып кетиши боюнча иликтөө жүргүзгөн жана ал иликтөөлөрдү тараткан үч маалымат агенттигинин үстүнөн арыз жазышты. Бир туугандар жалган маалыматты таратып аны менен моралдык жактан жабыркаткан журналисттерден миллиондогон каражаттарды өндүрүүнү ниеттеништи. Мисалы “Азаттыктан” 22 миллион сом, 24.kgден 15 миллион сом, ал эми “Клооп” сайтынан 12,5 миллион сом талап кылышкан.

Депутат Ирина Карамушкина мындай кадамды сөз эркиндигине басым жасоо катары баалады. Анын пикиринде бул жөн гана басым жасоо эмес, көп окурмандуу, эң бир окумдуу, коррупциялык схемаларды ачыктоого умтулган басылманы такыр эле жаап салууга болгон алдын ала пландалган аракет.

“Бүгүнкү күндө сөз эркиндиги абдан коркунучта. Жакында эл каршылык акцияларын өткөрүү укугунан да айрылышат”, — деди Карамушкина.

Саясатчы Камчыбек Ташиев сөз эркиндиги коррупция менен күрөшүүдөгү негизги курал экенин белгилеп, бирок аны менен катар журналисттер да өз милдеттеринин жоопкерчилигин унутпаса деген пикирди карманган.

“Эгер журналист кайсы бир адамдын турмушуна терс таасир тийгизген жалган маалымат таратса, ал кылганы үчүн жоопкерчилик тартышы керек. Бирок мен басылмалардын банктык эсебинин камакка алынышын шашылыш чечим болду деп эсептейм. Чечим кабыл алынаардан соттук угуу өткөрүлүп, басылманын күнөөсү болсо эгер ал далилдениши керек эле”, — деген Ташиев.

Депутат Наталья Никитенко соттун чечимине макул эмес. Ал мындай чечим сот аркылуу ММКларды көзөмөлгө алуу аракети деп эсептейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз