Воскресенье, 24 ноября

Касымалиева: Мындай чечим логикага сыйбайт

0

Депутат Аида Касымалиева Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды:
“Басылмалардын эсебин камакка алуу- бул басылмалардын жана анын кызматкерлерине басым жасоо жана мындай чечим жокко чыгарылышы керек.

Адам соттошо алат, бул анын укугу, аны менен катар тараптар сотко акыйкаттыкты издеп кайрылышат. А эсепти камакка алууда медиа эксперттер айтышкандай эч кандай логика, ой жүгүртүү, акыйкаттык жок.

Бул басылмаларда биздин жарандар иштешет жана алар айлык акысын алуулары керек, сот болуп жаткан учурда да, андан кийин дагы. Анын үстүнө журналисттердин маянасы анчалык деле көп эмес.
Мен эч убакта ММК боюнча сотко кайрылбагам, ар-намысыма шек келтирип, репутацияма көлөкө түшүрүп, жалганды жазып, сөзүмдүн үзүмүн бөлүп көрсөтүшсө дагы. Анткени мен сапаттуу журналистиканы өнүктүрсөк жана элди медаи сабаттуулукка тарбияласак анда чындыкка коошпогон, такталбаган маалыматтуу сары пресса актуалдуулугун жоготооруна ишенем ”.

Эске салсак бир тууган Матраимовдордун жазган арызынын негизинде бир катар маалымат агенттиктеринин банктык эсеби камакка алынды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз