Пятница, 17 мая

Түркия менен Сириянын чегарасында каттуу жардыруу болду

0

Түркия менен Сириянын чегарасында каттуу жардыруу болду
Дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары Түркия менен Сириянын чектеш Килис шаарында каттуу жардыруу болуп, 7 адам жаракат алганын кабарлады.
Fars агенттигинин маалыматына ылайык, 12-февраль күнү кечке жуук Килис аймагында жардыруу болду. Аль-Маядин агенттиги бул жардыруу Сирия чегарасындагы Шобан дарбазасында болгонун кабарлады.
Берилген маалыматтарга караштуу, окуядан 7 адам жаркат алган. Азырынча эч бир топ бул террорчулукту мойнуна ала элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз