Воскресенье, 19 мая

Венесуэлада каршылашкан эки тарап тең митинг өткөрүүдө

0

Венесуэлада каршылашкан эки тарап тең митинг өткөрүүдө
Бүгүнкү күндө бийлиги саясий кризиске туш болгон Венесуэлада өкмөт менен оппозиция жактоочулары кайрадан митинг өткөрүшүүдө.
Мамлекет башчысы Николас Мадуронун колдоочулары санкция чечимдери жана аскердик кийлигишүү коркутууларына каршы чыгуу үчүн борбор шаар Каракстын тарыхый борборунда чогулат.
Бийликтеги Венесуэла социалист партиясы тарабынан Боливар аянтында өткөрүлө турган митингде мамлекет башчысы Мадуро да сөз сүйлөйт.
Өзүн убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялаган Улуттук Парламенттин спикери Хуан Гуайдону жактаган оппозициячылдар болсо АКШнын Колумбия, Бразилия жана Кариб деңизиндеги бир аралга жыйнаган гуманитардык жардамдын өлкөгө киргизилишин талап кылып көчөлөргө чыгышат.
Жардамдардын өлкөгө киришине армиядан уруксат беришин талап кылган оппозициячылдар Каракастын Лас Мерседес районунда өткөрүлө турган митингде жолугушат.
Гуайдо да митингге байланыштуу социалдык медиа эсебинен берген маалыматта : «Куралдуу күчтөргө ачык бир кабар беребиз. Венесуэлалыктардын чыр- чатагында таза болгула жана адамдарыбыз муктаж болгон дары жана азык- түлүктөрдү алышына уруксат бергиле»,- дешүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз