Бишкекте #БишкекСмог флешмобунун уюштуруучулары шаардыктарды Жаңы жыл түнүндө асманга ар кандай жаркылдак заттарды аттырууну токтотууга чакырды.
Алардын чакырыгы — “Салюттун ордуна жашоо!” болууда.
Уюштуруучулар шаардын абасынын булгануу деңгээли барган сайын жогорулап баратканына кабатырланып буга кошул-ташыл алдыдагы майрамда тургундар салют колдонушаарын белгилешкен.
“Жаңы жылды көпчүлүк фейерверксиз элестете албай калган. Бирок бул абага кошумча оорчулук жаратат. Салюттардын ордуна бардык үй-бүлөлөрдү FFP3 коргонуу классынан ылдый болбогон респиратордук беткап сатып алууга чакырабыз. Дүркүрөгөн корпоратив жана ар кандай жасалгалардан көрө компаниялар беткаптарды сатып алып өпкө оорусунан жабыркагандарга жана пенсионерлерге таратышса жакшы болмок”, — дешти уюштуруучулар.
Алар соцтармактарда атайын акцияларды жүргүзүшүүдө. Ошондой эле катарларына бардык кайдыгер эмес жарандарды кошулууга чакырышат.