Адвокат Нурбек Токтакунов соцтармактагы баракчасына айдоочусуна болгон кол салуу тууралуу жазды. Ал туш келген абал “кумурскадан пил жасоого” аргасыз кылганын айтып, кол салуу чынында таң калыштуу жагдайда болгонун белгиледи.
“Болуп өткөн окуяга олуттуу кароого менде жетиштүү себептер бар. Ошондуктан мен аны кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттатууга жетиштим. Окуянын таң калыштуу жагдайлары менин шектенүүмдү күчөттү.
Өзүңөр ойлоп көргүлө. Таң эрте 6да ал ич кийимчен калганга чейин жылаңачтанып анан дарбазаны каккылап, анан үй ээсине кол салган. Аны менен катар акыл-эси кем катары көрүнгөн. Үй ээси милиция чакырат. Ал болсо бул арада кийинип капысынан эле жыйнактуу, сылык, өз укугун билген эркекке айланат. Андан кийин биз райондук ички иштер бөлүмүнө барып ал кишини да, тергөөчүнү да, болуп өткөн окуянын изин да таппай калдык”, — деп жазды Нурбек Токтакунов.
Ал белгилегендей окуядан бир күн мурда Фейсбукка чет өлкөлүк жарандарга он миңдеген кыргыз паспорттору кандайча берилгени боюнча кылмыштуу схеманы жазган. Акырында адвокат “эгер окуя кадимки бейбаштык болуп чыкса абдан кубанаарын, ошентсе да сактанганды Кудай сактайт” деп алдын ала кооптонуп жатканын белгилеген.