Саясат менен карьера адам баласы үчүн карта оюну сыяктуу эле. Кээде күтүлбөгөн жерден зоболоң көтөрүлүп, баш айланткан оомат, байлык, жогорку кызматтарга жетсең, кээде канчалык аракет кылсаң да же байлыкка же кызматка жетпей каласың. Айрым учурда ошол бийик даражалуу кызматың түшүңдө да көрбөгөндөй трагедияга айланып, Пушкиндин “Балыкчы жана балык тууралуу” жомогундай бардык зоболоң менен байлыгыңдан ажырап, заматта сызга отуруп калышың да мүмкүн.
Биографиясы жана саясаттагы триумфу менен трагедиясы
Мындай мүнөздөмө өткөн жумада Бишкек ЖЭБиндеги модернизацияга байланыштуу коррупцияга айыпталып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылган мурдагы премьер-министр Исаков Сапар Жумакадыровичке таандык десек болот. Деги Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары катардагы эле референт же кагаз ташыгыч кызматтан кыска аралыкта бир күн айыл өкмөтү болуп иштебеген адам кантип өкмөт башчылыкка чейин жетти? Анда ирээти менен биографиясына кайрылып көрөлү.
Сапар Исаков 1977-жылы 29-июлда борбор калаада, ал кездеги Фрунзе шаарында мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Атасы – Исаков Жумакадыр 1939-жылы 27-августта Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. СССРдин учурунда партиялык кызматкерлер азыркыдай жеринен дайындалбай, ротация саясаты күч эмес беле. Андыктан ал Ош жана Жалал-Абад облусттарында ар кандай партиялык кызматтарда иштеген жана Ош облусттук кеңешинин үч чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2005-жылы пенсияга чыккан.
Апасы – Өмүрбаева Нургүл Сагындыковна 1954-жылы төрөлгөн, мектептерде англис тили мугалими болуп иштеп, пенсияга чыккан.
Ата-энесинин иш ордуна байланыштуу Сапар Исаковдун окуучулук күндөрү да Ош шаарында өтүп, 1994-жылы №16 Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы мектеп-гимназияны аяктаган. Ал эми жогорку билимди Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинен (КЭУ) алып, 1999-жылы “Эл аралык укук” адистигине ээ болгон.
Анын эмгек жолу ошол эле өзү аяктаган окуу жайдан башталып, 1999-жылы КЭУнун Эл аралык укук кафедрасына окутуучу болуп орношкон. 2006-2012-жылдары бул окуу жайдан тышкары Кыргыз-Орус Славян Университетинин (КОСУ) Эл аралык укук кафедрасында да окутуучу болуп жүргөн.
2003-жылы дипломатиялык кызматка да аралашып, КРнын ТИМнин Эл аралык – укуктук департаментинде аттеше, 3-2-катчы кызматтарын кошо аркалаган.
2007-жылы апрелде ошол учурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Ошол эле жылы августта Өкмөт Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчылыгына которулган.
2009-жылдын октябрынан 2010-жылдын апрелине чейин КРнын Инвестицияларды жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча Борбордук Агенттигинин коммуникация кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Белгилей кетүүчү жагдай, бул мезгил Курманбек Бакиевдин доору болуп саналат жана аталган кызмат анын уулу Максим Бакиев тарабынан түзүлүп, эл арасында өлкөнүн баардык сырттан келген инвестицияларын көзөмөлдөгөн жана өкмөттү иш жүзүндө башкарып, отчетун талап кылуучу ЦАРИ деген чуулгандуу атка конгон кызмат болчу.
Бирок көп өтпөй 2010-жылы апрелде төңкөрүш-революция болуп кетип, президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Минскиге, ал эми Максим Бакиев Улуу Британияга качып кетүүгө аргасыз болгон.
Ал эми Кыргызстандагы бийлик Убактылуу Өкмөттүн колуна тийген. Бул окуядан кийин көптөгөн Курманбек Бакиевдин кадрлары качканы качып, качууга үлгүрбөгөндөрү камалды. Бирок Сапар Исаковдун бактысы тоодой экен, кызматында калып, 2010-жылы майда Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, ошол эле жылы августта Президенттик Администрациянын тышкы саясат бөлүмүн башкарып калган.
2011-жылы 29-декабрда Өкмөт Аппаратынын жетекчисинин орун басары рангында тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчилигине которулган.
2017-жылы 1-мартта Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен КРнын Президентинин Аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган.
Ошол эле жылы 25-августта Жогорку Кеңештин депутаттары аны КРнын премьер-министри кылып шайлашкан.
Бирок өлкөдө бийлик алмашып, Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан көп өтпөй, 2018-жылы апрелде Сапар Исаковдун да саясаттагы триумфу бүтүп, трагедиясы башталды же ооматы ооду десек болот. Себеби ал жетектеген өкмөткө парламент ишеним көрсөтпөй, отставкага кетирди.
Ошол эле жылы 29-майда Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголуп, 5-июнда укук коргоо органдары тарабынан камакка алынды.
Бир жыл сегиз айга жакын созулган сот процессинде, 2019-жылы 6-декабрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан 15 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды. Мындан тышкары ал дипломатиялык рангынан, II даражадагы “Манас” орденинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң үч жыл мамлекеттик органдарда иштөөгө тыюу салынды.
Сапар Исаковдун төрт кызы бар.
АКШ элчилиги жана Гүлен кыймылы менен жашыруун кызматташтыгы
Жогоруда өзүбүз күбө болгондой, каарманыбыз мынчалык космостук ылдамдык менен катардагы ЖОЖ окутуучусунан премьер-министрликке чейинки жогорку кызматка кантип жетишкендиги таң калтырбай койбойт. Эң негизгиси, анын ата-энеси өтө деле жогорку партиялык кызматта иштеген эмес. Өзү деле чет өлкөлүк же өтө жогорку окуу жайын эмес, өлкөбүздөгү жеке менчик, анча белгилүү эмес, ортозаар окуу жайын аяктаган. Бир чети кайсы бир саясый партияга мүчө болуп, лидерлик жана башка сапаттарын көрсөтүүгө деле жетише алган жок. Анда мындай сапаттар жок деле. Кыскасы, аткаруучулук гана жөндөмү бар десек болот.
Биздин башыбызды айлантка мындай бүдөмүк суроого “Викиликс” сайтынан АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин “№ 973” деп аталган жашыруун маалыматынын жарыяланышы жооп берди. Учурунда бул маалымат жарыкка чыкканда кыргыз коомчулугунда бир топ сенсация болуп, бир гана Сапар Исаковдун эмес, анын колдоочусу болгон ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин да картасы ачылып калган.
Анда ошол учурдагы АКШнын элчиси Татьяна Гфэллер менен Сапар Исаков жакшы мамиледе болуп, жолугушуп тургандыгы айтылат. Демек, өкмөт, президент аппараттарынын тышкы саясаттарын жетектеген ал жашыруун документтерди берип турушу мүмкүн. Бакиевдин президенттик аппаратынын башчылык кызматын аркалап, кийин трагедиялуу өлтүрүлгөн Медет Садыркулов “Манас” аэропортундагы АКШнын аскердик базасынын жабылуусуна каршы болгондугун АКШ элчилигине Сапар Исаков билдирип, сыягы алар ушундай багытта аракет кылган болушу мүмкүн.
Өз кезегинде Сапар Исаков деле бул маселе боюнча өз көз карашын ачык билдирип, базанын жабылышы Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн кескин кыскартаарын айткан.
2008-жылы Медет Садыркулов президенттик аппараттын жетекчилиги кызматынын кеткенден кийин анын колунда иштеген Исаков кыргыз чиновниктери тышкы саясатты жеке жана финансылык кызыкчылыктан улам жүргүзөөрүн айткан. Бул сыягы, 2008-жылы 7-октябрда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда кыргыз тарапка 300 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жардам берүү боюнча документке кол коюлган. Иш жүзүндө бул акча Бишкекке АКШ базасын жабуу үчүн берилген. Исаков Садыркуловду мүмкүн болушунча Москва менен тыгыз кызматташпоого үндөгөн.
Исаков мындай маалымат берген: “Орустар келишимде көрсөтүлгөн өз милдеттерин аткарбайт жана мурдагыдай эле сөзүнө турбайт. Иш жүзүндө Москва накталай акча бербей, мурдагы карыздын 450 млн. долларын гана кечкен. Исаковдун Кремлге каршы иштегендигин ал жогорку кызматтарды ээлеп турганда Россиянын Жогорку Нарын ГЭС каскаддары тууралуу эки тараптуу түзүлгөн келишимдерди кыргыз тарап бир тараптуу жокко чыгарып, азыркыга чейин россиялыктар эл аралык сотто бизден 37 млн. доллар доолап жүргөндүгүнөн да байкасак болот.
Коомчулукка анча белгилүү болбогон менен Бакиевдин бийликтен кулатылышынын негизги себеби АКШ базасын чыгаруу тууралуу Кремлде убада берип, ири суммада акча алып, бирок Бишкекке келген соң ал убадасын аткарбай, болгону “Транзиттик жүк ташуулар борбору” деп гана аталышын өзгөртүп койгондугу болгон. Башкача айтканда, Москва мындай эки жүздүү саясатка жини келип, Бакиевди кызматтан кетирүү үчүн ал кездеги оппозиция лидери Алмазбек Атамбаевди колдогон дешет. Ал эми Бакиевдин мындай кадамга баруусуна Садыркуловдун мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү фото, видеого тартылып, АКШ элчилигине жеткирилгендиги жана Бакиев Москвадан келгендин эртеси күнү эле АКШ элчиси президентке кирип, ушул документтерди алдына таштап, “Эгер АКШ базасы чыгарылса, ушул маалыматтар дүйнө жүзүнө тарайт…”,- деген ультиматум койгондугу айтылып жүрөт. Ушул маалыматтарды АКШ элчилигине ким жеткириши мүмкүн эле?…
Садыркулов ошол трагедиялуу өлүмүнөн мурда Бакиевге каршы бардык оппозиционерлерди бириктирип, революция жасоого камданып калгандыгы белгилүү. Ошондуктан ал Алматыдан чоң суммадагы акча менен келатканда чек арадан тосулуп, машинасы Бишкектин четиндеги айылдардын бирине айдатылып кеткен…
“Викиликстин” маалыматы боюнча, Садыркулов чет жактын тапшырмасын аткарып, Бакиевди төңкөрүш жолу менен кызматтан кетирүүгө аракет кылган.
Сапар Исаковдун биографиясында Кыргызстандагы Фетхуллах Гүленге караштуу “Себат” мектебинен билим алгандыгы жана алар менен расмий түрдө кызматташкандыгы тууралуу маалымат жок. Анткен менен анын өкмөт жана президент аппараттарынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген учурунда, кийин премьер-министр болгондо Гүленчилердин бизнесине жарык жол ачылып, мамлекеттик жогорку кызматтарга да алар келгендигин көрүүгө болот.
Россиянын атайын кызматтары Сапар Исаковдун мындай АКШнын кызыкчылыгын көздөгөн аракетин изилдеп чыгып, Сооронбай Жээнбеков президент болгон соң, аны биротоло Кыргызстандын саясый аренасынан жок кылуу тууралуу кеңеш берүүсү да мүмкүн.
Себеби Гүлен кыймылы сөзсүз эле өздөрүнүн мекемелеринде иштеп, мектептеринде окуган кадрларды пайдаланбастан, кайсыл гана жогорку кызматтагы чиновник болбосун ар кандай айла-амалдар менен тартып, өздөрүнө каратып алуу ыкмасы белгилүү. Атамбаевдин учурунда кыргыз-казак, кыргыз-түрк мамилелри сууп, Жээнбеков Анкарага мамлекеттик иш сапар менен барганда да Гүлен темасы көтөрүлгөн менен алардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү токтотулбай, болгону “Себат” аталышы “Сапат” болуп өзгөрүп калгандыгы боюнча чечимдер да Атамбаев менен Исаковдун бийлигинин учурунда ишке ашкан.
Алмазбек Атамбаевдин аны улам бир мамлекеттик кызматка дайындап, өкмөт башчылыкка чейин жеткириши жана Сооронбай Жээнбековду убактылуу гана куурчак президентке айлантып, кийин анын ордуна Сапар Исаковду алып келүү, өзү Кой-Таштагы хансарайында жатып алып, “аталык” милдетти аткаруу планы да Гүленчилер тарабынан түзүлгөндүгү эл арасында айтылып жүрөт.
Автандил Белеков.