Пятница, 17 мая

Иранда террордук кол салуу болуп, 27 адам набыт кетти

0

Иранда террордук кол салуу болуп, 27 адам набыт кетти
Кечээ, 13-февраль күнү кечинде Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан жана Белужистан провинциясында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун автобусуна жанкечти-террорчу кол салып, 27 киши набыт кетип, 13ү жаракат алды.
Бул туурасында Fars агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, жанкечти мина коюлган унаа менен Хаш-Захедан багыты менен бара жаткан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кызматкерлеринин автобусуна барып урунган. Кол салуу жоопкерчилигин «Жейш аль-Адль» террордук уюму өзүнө алды.
Систан жана Белужистан провинциясынын губернатору Ахмад Али Мухабати адам өмүрүн алган чабуулду айыптап, окуядан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, бүгүнтөн баштап провинцияда үч күндүк аза күтүү жарыялады.
Эске салсак, буга чейин дагы 2-февралда Систан жана Белужистан провинциясынын Никшахр шаарында террорчулар Ислам революциясынын сакчылар корпусунун катарына кирген Басиж күчтөрүнүн штабына кол салып, андан улам бир аскер набыт болуп, бешөөсү жарадар болгон. Чабуулдун жоопкерчилигин «Жейш аль-Адль» террордук уюму өзүнө алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз