Түркиядан кыймылсыз мүлк сатып алган чет өлкөлүк жарандардын арасында Россиянын жарандары лидерликтин үчилтигине кирди. Бул тууралуу түрк статистика Институту (TÜİK) билдирди.
Ноябрь айында россиялыктар Түркиядан 300 кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алышкан. Бул көрсөткүч Ирактын (575 объект) жана Ирандын (500 объект) жарандарынан кийинки үчүнчү орунду ээлейт. Андан кийин Афганистандын 216 кыймылсыз мүлк сатып алган жарандары менен 174 объектке ээ болгон сауд арабиялыктар турат.
Түркияда ноябрда кыймылсыз мүлктөрдү чет өлкөлүктөргө сатуу көрсөткүчү өткөн жылдын ушул айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 14,6 пайызга – 3988 объектке чейин азайган.
Аталган мезгил аралыгында чет өлкөлүктөр Стамбулдан 1885, Анталиядан 825, Анкарадан 218, Бурсадан 128 жана Яловадан 110 кыймылсыз мүлктү сатып алышкан.
TÜİK маалыматына караганда Түркияда кыймылсыз мүлктөрдү сатуу өткөн жылдын нобярь айына караганда бул жылдын аталган айында 54,4 пайызга өскөн.
Сатылган объектилердин арасында Стамбул биринчи орунда, бул шаарда 24924 кыймылсыз мүлк сатылган же жалпы сооданын 18 пайызы туш келет. Андан ары Анкара – 14406 объект (10,5 пайыз) жана Измир – 8428 объект (6,1 пайыз).
Кыймылсыз мүлктөр аз сатылган аймак Ардахан – 21, Хаккари – 44 жана Байбурт – 72.