Суббота, 23 ноября

Кожобек Рыспаевге кыргызстандыктар 1 сомдон чогултуп беришеби?

0

“Ачык саясат” гезитине депутат Кожобек Рыспаевдин берген доо арызы Жогорку сотто каралып, буга чейинки инстанциялардын чечими күчүндө калтырылды. Ага ылайык эми аталган гезит депутатка 300 миң сом төлөп бериши керек.

КСДП партиясынын төрагасынын орун басары соттун мындай чечимин сөз эркиндигине кысым катары баалады. Ал гезиттин редактору Назгүл Мамытованын атамбаевдик партиянын саясий кеңешинин мүчөсү болгонунан жана гезиттин позициясынан улам доого жыгылды деп эсептейт.

Эске салсак “Ачык саясатка” 2018-жылдын август айында Кожобек Рыспаев тууралуу макала жарыяланып, анда депутаттын бир партиядан экинчи партияга чуркаганы айтылып, “хемелеон” деген баа берилген.

Гезиттин редактору Назгүл Мамытова эртең, 17-декабрда редакциянын кызматкерлери митингге чыгышаарын жана “Кожобекке 1 сом” аттуу акция башташаарын соцтармактагы баракчасына жазды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз