Воскресенье, 19 апреля

Митинг: Желек көтөргөндөр жана көтөрбөгөндөр

0

Ала-Тоо аянтындагы коррупцияга жана сөз эркиндигин басмырлоого каршы өтүп жаткан митингде таң калыштуу көрүнүш орун алды. Ак үй жактан желек көтөргөн жоон топ киши чыгып аянтты көздөй бет алышты. Бирок аларды милиция кызматкерлери тосуп калды.

Митингчилер желекчендерди аларга тийиштүү топ эместигин айтышып, чагымчыл күчтөр болушу мүмкүн деп божомолдошту.

Белгилей кетсек митинг бир тууган Матраимовдордун үч басылмага карата жазган арызына каршылык иретинде уюштурулуп жатат. Арыздын негизинде сот басылмалардын банктагы эсебин камакка алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз