Воскресенье, 24 ноября

Абылгазиев бажы кызматына эл ишенишин каалайт бирок жетекчисин алмаштырууну каалабайт

0

Ачык системаны толук кандуу ишке киргизип, адамдык факторду азайтуу аркылуу гана бажыга болгон ишенимди кайтарууга болот. Мындай пикирин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев менен жолугушкан учурда билдирген өкмөттүн аппараты кабарлады.

Анда айтылгандай Торутаев Абылгазиевге бажы органдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бажы жол-жоболорун модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүн жана Премьер-министрдин иш бөлмөсүндө иштей баштаган маалымат мониторундагы маалыматтарды колдонуу аркылуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылууга байланыштуу маселелер талкууланды. Бюджеттин киреше жана чыгашасы, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү боюнча толук маалыматтар менен катар эле, монитордон реалдуу убакытта бажы түйүндөрүндөгү видеобайкоо камераларынын жардамы менен аракеттерди көзөмөлгө алса болот. Ошондой эле бул түйүн «Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулган жана мекеменин сайтында бардык кааалоочулар үчүн жеткиликтүү.

«Бажынын натыйжалуу жана ачык иши мамлекеттик бюджетти туруктуу толтуруу үчүн гана эмес, өлкөдө жагымдуу инвестициялык жана ишкердик климатты түзүү үчүн өтө маанилүү. Тилекке каршы, ондогон жылдар ичинде коомдо бажы кызматкеринин терс образы калыптанып калды. Көпчүлүк учурда буга иштөө механизмдеринин начардыгы жана ачыктыктын жоктугу себеп болгон. Мындай кырдаалды чечкиндүү жана ырааттуу аракеттер менен гана оңдоо мүмкүн. Бул оңой эмес жана көп эмгекти талап кылган процесс. Кытай менен чек арадагы өткөрмө жайларда ишке берилген инспектордук тыкыр көзөмөлдөө комплекстери сыяктуу, башка тилкелерди дагы заманбап техника менен жабдууга тийишпиз. Бул системалар реалдуу убакыт режиминде бажы ишине көз салууга шарт түзөт. Бажы кызматы мамлекеттин кирешесин түзүүгө зор салым кошуп, экономикалык саясатты ишке ашырууга активдүү катышканына карабастан, жарандар бажы иши тууралуу толук кабардар эмес. Бардыгына түшүнүктүү, ачык-айкын жана жеткиликтүү система болушу керек», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз