Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектин абасынын акыркы кездерде ченемден ашык булганып жатканы тууралуу кеп болду. Анда Тазабек Икрамов Бишкек жылуулук электр борборундагы мештерге эмне жагылып жатканын билгиси келип, ал суроого жооп алуу үчүн от жагуучу жумушчуларды парламенттин жыйынына чакырууну сунуштады.
“От жагуучулардын өздөрүнөн сурайлы, алар мешке эмне жагып жатышат? Былтыр мындай коюу түтүн болгон эмес эле, быйыл пайда болду. Ошондуктан эмне жагылып жатканын билишибиз керек”, — деди депутат.
Эске салсак 17-декабрда кечке маал Бишкектеги абанын булганышы жашоого кооптуу деп табылды. Бул «МувГрин» экологиялык кыймылынын датчиктеринин маалыматына ылайык айтылды.