Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлагандай, 18-декабрда эки өлкөнүн чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышкан сүйлөшүүлөр учурунда тажик тараптан белгисиз адамдар кыргызстандыктарга таш ыргыта башташкан. Ага жооп кылып кыргыз тараптан да таш ыргытышканда тажикстандык айдоочунун автоунаасынын айнектери сынган.
Бул окуя ушул эле күнү саат 11:30дар чамасында Көк-Таш айылында болгон. Мында 20 мүнөт өтпөй, тажик тараптан ок атылган. Маалыматта айтылгандай, октон Кыргызстандын Ички иштер министрлигининички аскеринин кызматкери жараат алды. Айрым маалыматтарда айтылгандай, үч жаран да жаракат алып, Баткен облустук ооруканасына жеткирилген.
Учурда сүйлөшүүлөр токтотулду. Эки тарап тең элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Эске салсак, ушул жуманын башында мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн тургундары арасында пикир келишпестиктер жаралган.