Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 17-18-декабрда Женевада өткөн форумда дүйнөлүк коомчулукту качкындарга өчөшүү менен мамиле жасоодон арылууга чакырды:
“Батыштын көптөгөн өлкөлөрү Сириядагы кырдаалды коопсуздук жана пайда призмасы менен карашууда. Тикенектүү тосмолор жана дубалдар мигранттардын Европага болгон агымын токтотот деген жаңылыштык да болгон. Ал турмак Жер ортолук деңиздеги мигранттар жүргөн кеме сыяктуу абдан эле деңгээли төмөн окуяга да күбө болдук. Жер ортолук деңизине атайын кайыктарды тешүү ниети менен үйлөмө кайыктар кое берилгени да белгилүү. Айрым саясатчылар жана партиялардын өкүлдөрү электораттан кол жууп калбоо үчүн ксенофобия жана качкындарды сындоого басым жасап алышты. Сириядагы ДЕАШ террористтерине каршы күрөшүүгө жамынып этникалык тазалоо саясатын жүргүзгөн жана Түркиянын чек арасына жакын жайгашкан калктуу конуштарга чабуул жасаган башка террористтик уюмдардын согушкерлерине колдоо көрсөтүштү. Сириядагы акыркы тогуз жылдагы трагедияны Алепподогу дубалдардын бириндеги жазуу өзгөчө чагылдырат: “Эгер Сирияда курман болгон жаш балдардын венасынан кан ордуна нефти акса анда дүйнөлүк коомчулук такыр башка позицияны карманат болчу . ”