Бүгүн “Ачык саясат” гезити “Кожобекке 1 сом” акциясын баштады. Ала-Тоо аянтына гезиттин кызматкерлери чыгып, депутат Кожобек Рыспаевге болгон карызынан кутулуу үчүн элден 1 сомдон жыйнашты.
“Ачык саясат” гезитинин 2018-жылдын август айында чыккан санында Кожобек Рыспаев тууралуу макала жарыяланган. Буга нааразы болгон депутат гезитти сотко берип, 300 миң сомго доого жыккан. Редакция ири суммадагы карызынан элден бир сомдон топтоо менен кутулууну чечкен.
Депутат Рыскелди Момбеков көптүн катарында салымын кошту. Бирок бир сом эмес – 1000 сом! Жанындагылар “марттык кылдыңбы?” – деп күлүп калышты. Ошондо депутат миң адам үчүн төлөп койду.