Суббота, 23 ноября

Эми депутаттарга “кол тийгизүүгө” болот

0

Украинада депутаттык кол тийбестик жоюлду. Буга ылайык мыйзамды Жогорку Рада экинчи окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорун 291 депутат колдогон. Документ 2020-жылы 1-январда күчүнө кирет.

Бул президент Владимир Зеленский менен анын “Эл кызматчысы” партиясынын шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири болгон. Президент мыйзам коррупцияга малынган депутаттарга кылмыш ишин козгоону жеңилдетерин айткан.

Мыйзамды “Европа тилектештиши”, «Батькивщына» жана «Добуш» фракцияларынан бир дагы депутат колдогон жок.

Мыйзамга ылайык, Украина Конституциясындагы “парламентарийлер депутаттык кол тийбестикке ээ, аларды Жогорку Раданын уруксатысыз кармоого, камоого же кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт” деген эреже алынып салынат.

Мындан ары коррупцияга шектелген депутаттарга каршы тергөө амалдарын баштоого жана камоого башкы прокурор уруксат берет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз