Баткендеги кыргыз-тажик чек арасынын аймагы тосулуп, курчалбагандыктан эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда жаңжал түгөнбөй келүүдө. Мындай пикирге жарандык активист Мелис Аспеков келди.
“Баткен дагы Кыргызстан!
Чек ара чыры кокого жетти, дагы канча адам өлүп, канчасы октон жарадар болуш керек? Келгилечи ушул арзан бетон столб менен, тикенек зымга өзүбүз эле каражат чогултуп, ашар жолу менен тосуп салалы. Өкмөттө акча жок, ишенич дагы жок буларга, бюджет дефицит, 28 жылда тартылбаган чек ара, азыр дагы тартылышы күмөн. Менден алгачкы 100$ болсун, эстафетаны патриоттор Жеңиш Молдокматов жана Жапыкеев Сыймык мырзаларга узатам…”, — деп жазды Фейсбуктагы баракчасына.
Ошондой эле Камалидин Садыков жана Эсен Умоталиев аттуу жарандар бул демилгеге миң сомдон кошушканын да белгилеген.
Эми Жеңиш Молдокматов менен Жапыкеев Сыймык чек араны тосууга салым кошуу үчүн капчыктарына канча чыгым келтирүүгө макул болушаар экен, байкай туралы…