Депутат Дастан Бекешев Райымбек Матраимовдун жубай Аманданын тагынган шуруларынын, кийген кийиминин баасын эсептеп чыккан ММКга ким чабуул жасады деген суроо койду. Парламент жыйынында депутат DdoS-чабуул мыйзамсыз экенин белгиледи.
“Кыргызстандын бир катар маалымат каражаттына жана Factcheck.kg сайтына жасалган DdoS-чабуулдун айыпкерлери жазаланышы керек. Бул фактыны кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттатуу зарыл”, — деди депутат.
Ал Factcheck.kg сайты 17-декабрды бир үй-бүлө боюнча иликтөө жасаганын, макала жарык көргөндөн кийин башка басылмалар да көчүрүп чыгарышканын эске салды.
“Жарыялаган да, андан кийин аны көчүргөн да сайттардын баары чабуулга туш болгон. Укук коргоо кызматтары чабуул кайсы жактан болгонун текшере алышабы? Иликтөө жүргүзүүчү адистерибиз барбы?” – деди депутат.